Туулган күнүң менен
Жигит түн жарымында, аябай таттуу уктап жатканда бирөө телефон чалып, уйкусун бузат. Жигит уйкусунун бузулганына аябай ачууланып телефонун караса, апасы чалып жаткан болот. Апасына жини келип кыйкырып:
-Эрте менен деле чалсаң болот эле го, түн жарымында уйкуну бузбай, дейт.
Анда апасы капа болгон, мунайыңкы үнү менен:
-Уулум, мындан толук 18 жыл мурун, түн ортосунда, так ушул мүнөттө, сен да менин уйкуму бузуп дүйнөгө келгенсин, туулган күнүң менен, деп телефонун өчүрүп коет.
Энелерди барктай билели, сыйлай билели.
Эгер сиз бул окуяны окуган болсоңуз, апакеңиздин бетинен өөп көңүлүн алып коюңуз,
урматтуу Изде.КГ сайтынын окурманы
Кийинки анекдот/апендини оку
"Уурдагандан уялбадыңар!". Садырбаевдин сатылбаган акыйкатыКыргыз эл баатыры, режиссер, белгилүү саясий ишмер Дооронбек Садырбаев быйыл тирүү болгондо 85 жашка чыкмак. Садырбаев өткөн кылымдын 70-жылдары “Акбаранын көз жашы”, “Махабат дастаны” сыяктуу белгилүү тасмаларында, кара сөз чыгармаларында, ырларында намыс, акыйкаттыкты ачык баяндаса, өлкө эгемендигинен кийин саясатка башын сайып авторитардык бийлик орноткусу келген бир эмес, эки система менен күрөштү. Замандаштары Доке деп атаган Садырбаевдин саясий жолун өзүнчө, чыгармачылыгын өзүнчө... 21.02.2024 : www.azattyk.kg источник: https://www.azattyk.kg/a/uurdagandan-uyalbadyngar-sadyrbaevdin-satylbagan-akyykaty/32828574.html |
|
Loading...
|
|
|