карыш жылба
Апенди кичинесинен эле шум чыгыптыр. Ага өңгөлөр эмес, өз энеси да таң калчу экен. Бир күнү энеси айылчылаганы баратып:
-Каралдым, үйгө сак бол. Эшиктен карыш жылба - дейт. Апенди үй кайтарып, эшиктин алдында отурса, мейман келип калат.
-Силер үйгө кире тургула, мен энеми чакырып келе коёюн - деп, Апенди каалганы кашегинен чыгарып алып, көтөргөн тейден жүгүрүп кетет.
-Э, ботом, бу эмнең?! - дейт энеси уулун көрө сала чочуп
-Каалганы жонуна артып алат деген эмне тамтык! Кокуй...
-Өзүң, эшиктен карыш жылба деп!.. Мына, карыш жылбай эшик менен кошо келдим - дептир анда уулу. Азимбек Матраимов
Кийинки анекдот/апендини оку
Орусия: "Ласточкинону көзөмөлгө алдык"Министрликтин билдирүүсүндө, орус аскер күчтөрүнүн Орусия-Украина согушундагы иш-аракеттерине байланыштуу маалымат берилди. 26.02.2024 : www.trt.net.tr источник: http://www.trt.net.tr/kyrgyz/duino/2024/02/26/orusiia-lastochkinonu-kozomolgho-aldyk-2107611 |
Loading...
|
Жарыялар |