Кыргызча анекдот / апенди:

"Правильный" эркек
Эркектер сүйлөшүп отурушат дейт... Бирөөсү айтат: - - Жакында сыртта жамгыр төгүп жаткандыктан, үйдөн чыкпай отурсам, эшик тыкылдап жатпайбы...
- Анан? дейт тигилер
- Анан барып ачсам, көл-шал суу болгон жука көйнөкчөн бир жакшынакай кыз туруптур....
- Ии, анан?!...
- Анан аны үйгө киргизип жатпаймынбы... Тигил кыз аябай үшүп кеттим бир аз коньяктан куюп бересизби деп сурады дейт....
Тигил эркектер ого бетер кызыгып:
- Ии коньяк куюп бердиң, аны ичтиңер, анан?! деп чыдамы кетип сурашат...
- Коньякты ичкенден кийин, дагы эле жылый албай жатам, сиздин тизеңизге отурсам болобу? деп суранды деп аңгемесин улантат тиги киши...
- Болчу, тезирээк, маалкатпай, анан эмне болду?! деп жанталашып сурашат калган эркектер. Анда тигил киши:
- Ээ, жигиттер, айтты айтпады дээрсиңер, көрөсүңөр го, туптуура бир айдан кийин ошол кыз меники болот! деп коёт дейт...

Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD87.4087.80
EUR100.60101.60
RUB1.1951.230
KZT0.17000.1900

обновление 11.06.2026 16:01:46

Газага жардам жеткирүү аракети

АКШнын президенти Жо Байден деңиз аркылуу Газага гуманитардык жардам жеткирүү үчүн убактылуу порт куруларын билдирди. Аталган порттон тилкеге күн сайын тамак-аш, таза суу жана дары-дармек ташыган жүздөгөн чоң кемелер кирери айтылууда. Бирок анын курулушу жана гумжардам ташыган кемелердин негизги багыты тактала элек.


08.03.2024 : www.azattyk.kg

источник: https://www.azattyk.kg/a/32854041.html

 
Loading...

Жарыялар