Кыргызча анекдот / апенди:

Диалект
Ош-Бишкек жолунда оштуктар менен таластыктар бир машинада баратып, сөз талашып кетет экен. Бир кезде таластык айтып жатат: "Оштуктар жумуртканы 'тукум' дейсиңер, 'тукум' деген сөз кыргыз тилинде жок, ал өзбек тилинен алынган", - деп, анан тиги оштук: "Тукум' деген сөз кыргыз тилинде бар", - десе тиги таластык: "жо-ок", - деп такыр баш бербей келатканда бир маалда Суусамырдагы Таласка бурулчу жерге токтотуп, оштук айтыптыр: "Тэ-э-этиги Манас Атабыздын эстелигин көрдүңбү? Ошол жерде "Манастын тукумдары" деп жазылып турат, ошону барып, "Манас Атабыздын жумурткалары" деп өзгөртүп кой...", - деген экен.
Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD0.170.20
EUR0.170.20
RUB0.1700.200
KZT0.17000.2000

обновление 11.06.2026 00:17:41

Эрдоган : "Нетаньяху азыркы күндүн нацисти"

Режеп Таййип Эрдоган 20 миллиард калктуу ислам ааламынын Палестина калкына бир туугандык кызматын тилекке каршы толук мааниси менен орундата албагандыгын айтты.


09.03.2024 : www.trt.net.tr

источник: http://www.trt.net.tr/kyrgyz/turkiia-1/2024/03/09/erdoghan-nietan-iakhu-azyrky-kundun-natsisti-2113118

 
Loading...

Жарыялар