Кыргызча анекдот / апенди:

"КУДАЙ БУЮРСА"
Кайсы бир өткөн замандарда такырле Кудайга ишенбеген бир күйөө сөрөй болуптур. Кечки тамак. Аялы аябай берилип манты жасап, 5-10 мүнөт жакшылап бууланып бышсын деп, … өзү дасторконду даярдап кирет. Ангыча ары жактагы күйөөсү дасторконго жетип келип “ай мантың быштыбы,.алпкеле берчи батыраак!!” дейт. Аялы: Кое тур эми кудай буюрса 10 мүнөттө бышып калат” деп жооп узатат. “Эй...апкеле берчи,..кудай буюрса, буюрбаса деле жечү мантыны жей берем,..алып кел эми!” деп ороңдойт күйөөсү. Жолдошунун мүнөзүн түшүнгөн аялы мантыны алып келет, күйөөсү бир мантыны колго алып эми оозго сала берээрде эшиктин конгуроосу шынгырайт да, менттер келип кайсы бир кылмышка тиешеңиз бар экен деп аялдын күйөөсүн ой-боюна койбой алып кетишип, түрмөгө 3 ай жатып чыгат. Түн. Аялы өзү жалгыз үйдө олтурат. Эшиктин конгуроосу угулат. Аял эшиктин жанына басып барып: “Ким бул?” десе, сырттан күйөөсүнүн үнү угулат: Кудай буюрса , мен сенин күйөөң болом...
Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD87.2088.00
EUR93.7094.70
RUB0.1320.205
KZT0.90001.0000

обновление 18.06.2024 07:25:20

Сот жазуучу Шакирди абакта калтырды

Ырчы, акын жана активист Аскат Жетигенди сот эч жакка чыкпоо тилкаты менен бошотту. Ал эки күн мурда Фейсбуктагы кайрылуусунан кийин камалган эле. Владимир Путин Орусиянын президенти болуп шайланды. Батыш өнөктүк реперссиялардын, Украинадагы согуштун фонунда өткөнүн белгилеп, шайлоону “эркин эмес жана адилетсиз” деп сыпаттады. Казак президенти Касым-Жомарт Токаев Улуттук курултайда аялдардын бети-башын чүмкөп жүрүүсүнө каршы экенин айтты.


18.03.2024 : www.azattyk.kg

источник: https://www.azattyk.kg/a/32866520.html

 
Loading...

Жарыялар