Адвокат
Касап адвокатка келиптир:
- Билесизби, бир ит менин сатып жаткан эттериме тийип, эттерди арам кылып койду. Аларды эми сата албайм. Эмне кылсам болот?
- Ал иттин ээсин билесизби?
- Ооба.
- Анда бул оңой эле иш: иттин ээсин сотко бересиз, саталбай калган этиңиздин акчасын андан алып алышыңыз мүмкүн... Иттин ээси ким?
- Ал сиздин итиңиз болчу...
- Аа, ошондойбу?.. Канча акчалык этти сата албай калдыңыз?
- 3 кг. 450 сом болот...
- Менин адвокаттык иш акым болсо 900 сом болот... Сиз мага 450 берсеңиз, эсеп туура болот да, ее?
Кийинки анекдот/апендини оку
Ливияда массалык мүрзө табылдыЛивиянын Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкармалыгынын социалдык медиа эсебинен жасалган билдирүүсүндө Шувейриф аймагындагы массалык мүрзө тууралуу маалымат берилди. 23.03.2024 : www.trt.net.tr источник: http://www.trt.net.tr/kyrgyz/duino/2024/03/23/liviiada-massalyk-murzo-tabyldy-2119261 |
|
Loading...
|
|
|