Психолог кыз
Жигит бир кафеде отуруп маңдайында отурган кыз менен кантип сүйлөшүүнүн жолдорун ойлонуп жатты. Акыры өзүнө бекем туруп кыздын жанына барып:
- Кечиресиз чоң кыз, сүйлөшүп отурсам болобу? дейт
Кыз катуу кыйкырып:
- Уяты жок десе, мен сен ойлогон кыздардан эмесмин!
Элдин баары жигитке карап, жигит аябай уялып, кызарып ордуна барып отурат.
Бир канча мүнөт өткөн соң, кыз жылмайып жанагы жигиттин жанына келип:
- Кечиресиз, мен психология бөлүмүндө окуйм, адамдардын катуу уялган учурунда кандай мамиле кылуусун изилдеп жаткамын дейт.
Аябай жаны ачышып калган жигит да кыйкырып:
- Эмне, Бир түнгө 1000 долларбы? Сен жиндисинби?
Кийинки анекдот/апендини оку
Эне тууралуу тасма казакстандык көрүүчүлөргө жакты“Бейиш эненин таманында” тасмасы бир гана Кыргызстанда эмес, коңшу Казакстанда да кинотеатрлардын биринчи саптарын ээлеп турат. Прокатка чыккан төрт күндөн кийин эле чет элдик тасмаларды артта калтырып, 1 миллион доллардан ашык каражат топтоду. “Азаттыктын” кабарчысы билдиргендей, бул фильмге билет иш күнү да калбай сатылууда. Видео "Азаттыктын" казак кызматына таандык. 31.03.2024 : www.azattyk.kg источник: https://www.azattyk.kg/a/ene-tuuraluu-tasma-kazakstandyk-koerueuechueloergoe-zhakty-/32884573.html |
|
Loading...
|
|
|