Кыргызча анекдот / апенди:

карыш жылба
Апенди кичинесинен эле шум чыгыптыр. Ага өңгөлөр эмес, өз энеси да таң калчу экен. Бир күнү энеси айылчылаганы баратып:
-Каралдым, үйгө сак бол. Эшиктен карыш жылба - дейт. Апенди үй кайтарып, эшиктин алдында отурса, мейман келип калат.
-Силер үйгө кире тургула, мен энеми чакырып келе коёюн - деп, Апенди каалганы кашегинен чыгарып алып, көтөргөн тейден жүгүрүп кетет.
-Э, ботом, бу эмнең?! - дейт энеси уулун көрө сала чочуп
-Каалганы жонуна артып алат деген эмне тамтык! Кокуй...
-Өзүң, эшиктен карыш жылба деп!.. Мына, карыш жылбай эшик менен кошо келдим - дептир анда уулу. Азимбек Матраимов
Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD87.4087.80
EUR102.50103.50
RUB1.1401.170
KZT0.17000.1900

обновление 21.04.2026 13:02:07

Бийликти колдогон "мекенчилдердин" бейбаштыгы

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы 8-апрелде бейбаштыкка шек саналып алты адам кармалганын кабарлады. Коомчулукта алар азыркы бийликти колдогон "Мекенчил" партиясынын тарапташтары экенин жазышууда.


09.04.2024 : www.azattyk.kg

источник: https://www.azattyk.kg/a/biylikti-koldogon-mekenchilderdin-beybashtygy/32897023.html

 
Loading...

Авто-мото