Кыргызча анекдот / апенди:

Туулган күнүң менен
Жигит түн жарымында, аябай таттуу уктап жатканда бирөө телефон чалып, уйкусун бузат. Жигит уйкусунун бузулганына аябай ачууланып телефонун караса, апасы чалып жаткан болот. Апасына жини келип кыйкырып:
-Эрте менен деле чалсаң болот эле го, түн жарымында уйкуну бузбай, дейт.
Анда апасы капа болгон, мунайыңкы үнү менен:
-Уулум, мындан толук 18 жыл мурун, түн ортосунда, так ушул мүнөттө, сен да менин уйкуму бузуп дүйнөгө келгенсин, туулган күнүң менен, деп телефонун өчүрүп коет.

Энелерди барктай билели, сыйлай билели.
Эгер сиз бул окуяны окуган болсоңуз, апакеңиздин бетинен өөп көңүлүн алып коюңуз,
урматтуу Изде.КГ сайтынын окурманы


Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD88.7089.30
EUR94.6095.40
RUB0.9400.965
KZT0.14060.2050

обновление 01.05.2024 11:25:18

БУУнун Коопсуздук Кеңеши Иран-Израиль чыңалуусу үчүн чогулду

Баш катчы Гутерриш Израилдин чакыруусу менен шашылыш түрдө чогулган БУУнун Коопсуздук Кеңешинде сөз сүйлөп, Жакынкы Чыгышта күчөгөн чыңалуунун аймак жана дүйнө үчүн кооптуу экенине көңүл бурду.


15.04.2024 : www.trt.net.tr

источник: http://www.trt.net.tr/kyrgyz/duino/2024/04/15/buunun-koopsuzduk-kien-ieshi-iran-izrail-chyn-aluusu-uchun-choghuldu-2127584

 
Loading...

Жарыялар