тун
Түн ичинде Апендинин үйүнө ууру кириптир. Алар колуна тийген көр-жерди алып качып баратышса, Апенди да жууркан-төшөгүн көтөрүп, артынан жөнөп калбайбы.
- Ээй! Сен каякка?! - деп кыйкырышат уурулар.
Анда Апенди:
- Көчүп баратпайбызбы? - деп коёт имиш.
Кийинки анекдот/апендини оку
"Отургуч сынган, жатакана жок". Көңүл сыртында калган Талас университети24 жыл мурда негизделген Талас мамлекеттик университети облустагы жогорку билим берген жалгыз окуу жайы. Анда 3,5 миңдей студент билим алат. Окуу жайдын жатаканасы жана спорт залы жок, жыйындар залындагы эмеректин эскилиги жеткен. Аны жаңылоого университеттин чама-чаркы жетпей келет. Аймактагы активисттер шаарда бир катар жаңы мамлекеттик мекемелер курулуп жатканы менен билим уясы көңүл сыртында калганын белгилешет. 20.04.2024 : www.azattyk.kg источник: https://www.azattyk.kg/a/koenguel-syrtynda-kalgan-talas-universiteti/32910871.html |
Loading...
|
Жарыялар |