Кыргызча анекдот / апенди:

Туулган күнүң менен
Жигит түн жарымында, аябай таттуу уктап жатканда бирөө телефон чалып, уйкусун бузат. Жигит уйкусунун бузулганына аябай ачууланып телефонун караса, апасы чалып жаткан болот. Апасына жини келип кыйкырып:
-Эрте менен деле чалсаң болот эле го, түн жарымында уйкуну бузбай, дейт.
Анда апасы капа болгон, мунайыңкы үнү менен:
-Уулум, мындан толук 18 жыл мурун, түн ортосунда, так ушул мүнөттө, сен да менин уйкуму бузуп дүйнөгө келгенсин, туулган күнүң менен, деп телефонун өчүрүп коет.

Энелерди барктай билели, сыйлай билели.
Эгер сиз бул окуяны окуган болсоңуз, апакеңиздин бетинен өөп көңүлүн алып коюңуз,
урматтуу Изде.КГ сайтынын окурманы


Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD87.4087.80
EUR100.80101.80
RUB1.1101.135
KZT0.15000.1800

обновление 17.07.2025 17:38:17

Черногорияда Палестинага колдоо үчүн велосипед менен жүрүшкө чыгышты

Подгорицада Палестина менен тилектештик кыймылы тарабынан «Геноцидди токтот, эркин Палестина» деген урааны менен уюштурулган конвойго ондогон велосипедчен киши катышты.


15.06.2024 : www.trt.net.tr

источник: http://www.trt.net.tr/kyrgyz/duino/2024/06/15/chiernoghoriiada-paliestinagha-koldoo-uchun-vielosipied-mienien-zhurushko-chyghyshty-2153256

 
Loading...

Кыймылсыз мүлк