Диалект
Ош-Бишкек жолунда оштуктар менен таластыктар бир машинада баратып, сөз талашып кетет экен. Бир кезде таластык айтып жатат: "Оштуктар жумуртканы 'тукум' дейсиңер, 'тукум' деген сөз кыргыз тилинде жок, ал өзбек тилинен алынган", - деп, анан тиги оштук: "Тукум' деген сөз кыргыз тилинде бар", - десе тиги таластык: "жо-ок", - деп такыр баш бербей келатканда бир маалда Суусамырдагы Таласка бурулчу жерге токтотуп, оштук айтыптыр: "Тэ-э-этиги Манас Атабыздын эстелигин көрдүңбү? Ошол жерде "Манастын тукумдары" деп жазылып турат, ошону барып, "Манас Атабыздын жумурткалары" деп өзгөртүп кой...", - деген экен.
Кийинки анекдот/апендини оку
"Атам бизди өлтүргүсү келди". Австралияны эңшерген трагедияЖаңы Түштүк Уэльстин полициясы Лалор-парктагы өрттү үй-бүлөлүк зомбулук менен байланышкан массалык киши өлтүрүү катары карап жатканда, штаттын премьер-министри жети баланын 28 жаштагы атасына «эң олуттууу күнөөлөр коюлушу мүмкүн» экендигин билдирүүдө. 11.07.2024 : www.bbc.com |
Loading...
|
Жарыялар |