Кыргызча анекдот / апенди:

"Правильный" эркек
Эркектер сүйлөшүп отурушат дейт... Бирөөсү айтат: - - Жакында сыртта жамгыр төгүп жаткандыктан, үйдөн чыкпай отурсам, эшик тыкылдап жатпайбы...
- Анан? дейт тигилер
- Анан барып ачсам, көл-шал суу болгон жука көйнөкчөн бир жакшынакай кыз туруптур....
- Ии, анан?!...
- Анан аны үйгө киргизип жатпаймынбы... Тигил кыз аябай үшүп кеттим бир аз коньяктан куюп бересизби деп сурады дейт....
Тигил эркектер ого бетер кызыгып:
- Ии коньяк куюп бердиң, аны ичтиңер, анан?! деп чыдамы кетип сурашат...
- Коньякты ичкенден кийин, дагы эле жылый албай жатам, сиздин тизеңизге отурсам болобу? деп суранды деп аңгемесин улантат тиги киши...
- Болчу, тезирээк, маалкатпай, анан эмне болду?! деп жанталашып сурашат калган эркектер. Анда тигил киши:
- Ээ, жигиттер, айтты айтпады дээрсиңер, көрөсүңөр го, туптуура бир айдан кийин ошол кыз меники болот! деп коёт дейт...

Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD85.3585.85
EUR93.0094.00
RUB0.8700.895
KZT0.12000.1770

обновление 11.10.2024 21:10:08

Камала Харристи колдой турганын жарыялаган Байденди Трамп сынга алды

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) президенти Жо Байден 5-ноябрда боло турган шайлоодо талапкерлигинен баш тартканын жана жарышта вице-президент Камала Харристи колдой турганын жарыялады.


22.07.2024 : www.trt.net.tr

источник: http://www.trt.net.tr/kyrgyz/duino/2024/07/22/kamala-kharristi-koldoi-turghanyn-zharyialaghan-baidiendi-tramp-syngha-aldy-2165585

 
Loading...

Жарыялар