Кыргызча анекдот / апенди:

карыш жылба
Апенди кичинесинен эле шум чыгыптыр. Ага өңгөлөр эмес, өз энеси да таң калчу экен. Бир күнү энеси айылчылаганы баратып:
-Каралдым, үйгө сак бол. Эшиктен карыш жылба - дейт. Апенди үй кайтарып, эшиктин алдында отурса, мейман келип калат.
-Силер үйгө кире тургула, мен энеми чакырып келе коёюн - деп, Апенди каалганы кашегинен чыгарып алып, көтөргөн тейден жүгүрүп кетет.
-Э, ботом, бу эмнең?! - дейт энеси уулун көрө сала чочуп
-Каалганы жонуна артып алат деген эмне тамтык! Кокуй...
-Өзүң, эшиктен карыш жылба деп!.. Мына, карыш жылбай эшик менен кошо келдим - дептир анда уулу. Азимбек Матраимов
Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD87.4087.80
EUR100.80101.80
RUB1.1101.135
KZT0.15000.1800

обновление 17.07.2025 17:38:17

Хакан Фидан : "Түркиянын максаты АСЕАНдын диалог өнөктөшү болуу"

Түркиянын эл аралык өнөктөштөрү менен саясий диалог жана өнүгүүгө багытталган аймактык кызматташтыкты камтыган эки тараптуу саясат күн тартибин иштеп чыкканына көңүл бурган Фидан : «АСЕАН бул эл аралык өнөктөштөрдүн бири",- деп баа берди.


26.07.2024 : www.trt.net.tr

источник: http://www.trt.net.tr/kyrgyz/turkiia-1/2024/07/26/khakan-fidan-turkiianyn-maksaty-asieandyn-dialogh-onoktoshu-boluu-2167788

 
Loading...

Авто-мото