Кыргызча анекдот / апенди:

карыш жылба
Апенди кичинесинен эле шум чыгыптыр. Ага өңгөлөр эмес, өз энеси да таң калчу экен. Бир күнү энеси айылчылаганы баратып:
-Каралдым, үйгө сак бол. Эшиктен карыш жылба - дейт. Апенди үй кайтарып, эшиктин алдында отурса, мейман келип калат.
-Силер үйгө кире тургула, мен энеми чакырып келе коёюн - деп, Апенди каалганы кашегинен чыгарып алып, көтөргөн тейден жүгүрүп кетет.
-Э, ботом, бу эмнең?! - дейт энеси уулун көрө сала чочуп
-Каалганы жонуна артып алат деген эмне тамтык! Кокуй...
-Өзүң, эшиктен карыш жылба деп!.. Мына, карыш жылбай эшик менен кошо келдим - дептир анда уулу. Азимбек Матраимов
Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD86.4086.85
EUR90.9091.90
RUB0.8550.885
KZT0.12200.1820

обновление 21.11.2024 16:40:23

Россиянын акыркы бир жумада Украинага карата кол салуулары

Россиянын коргоо министрлиги акыркы  бир жумада армиянын  33 топтук кол салуу менен Украинада аскердик техника чыгарган  жана буларды энергия менен камсыз кылган объектилерди аткандыгын маалымдады.


27.07.2024 : www.trt.net.tr

источник: http://www.trt.net.tr/kyrgyz/duino/2024/07/27/rossiianyn-akyrky-bir-zhumada-ukrainagha-karata-kol-saluulary-2167856

 
Loading...

Жарыялар