карыш жылба
Апенди кичинесинен эле шум чыгыптыр. Ага өңгөлөр эмес, өз энеси да таң калчу экен. Бир күнү энеси айылчылаганы баратып:
-Каралдым, үйгө сак бол. Эшиктен карыш жылба - дейт. Апенди үй кайтарып, эшиктин алдында отурса, мейман келип калат.
-Силер үйгө кире тургула, мен энеми чакырып келе коёюн - деп, Апенди каалганы кашегинен чыгарып алып, көтөргөн тейден жүгүрүп кетет.
-Э, ботом, бу эмнең?! - дейт энеси уулун көрө сала чочуп
-Каалганы жонуна артып алат деген эмне тамтык! Кокуй...
-Өзүң, эшиктен карыш жылба деп!.. Мына, карыш жылбай эшик менен кошо келдим - дептир анда уулу. Азимбек Матраимов
Кийинки анекдот/апендини оку
Эрдоган: «УУAларда жетишилген ылдамдык бүткүл дүйнөдө суктануу менен байкалууда»Эрдоган кечээ Стамбул Бакыркөйдө Улуттук коргоо университетинин (MSÜ) Аба күчтөрү академиясынын Дипломун алуу жана туу тапшыруу аземинде сүйлөгөн сөзүндө терроризмге каршы жүргүзүлүп жаткан иш-аракеттерге токтолду. 01.09.2024 : www.trt.net.tr |
Loading...
|
Жарыялар |