Кыргызча анекдот / апенди:

Психолог кыз
Жигит бир кафеде отуруп маңдайында отурган кыз менен кантип сүйлөшүүнүн жолдорун ойлонуп жатты. Акыры өзүнө бекем туруп кыздын жанына барып:
- Кечиресиз чоң кыз, сүйлөшүп отурсам болобу? дейт
Кыз катуу кыйкырып:
- Уяты жок десе, мен сен ойлогон кыздардан эмесмин!
Элдин баары жигитке карап, жигит аябай уялып, кызарып ордуна барып отурат.
Бир канча мүнөт өткөн соң, кыз жылмайып жанагы жигиттин жанына келип:
- Кечиресиз, мен психология бөлүмүндө окуйм, адамдардын катуу уялган учурунда кандай мамиле кылуусун изилдеп жаткамын дейт.
Аябай жаны ачышып калган жигит да кыйкырып:
- Эмне, Бир түнгө 1000 долларбы? Сен жиндисинби?
Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD87.3087.80
EUR100.30101.30
RUB1.0751.110
KZT0.15000.1700

обновление 03.11.2025 21:31:32

Орусия: Донецктеги Кирово конушун көзөмөлгө алдык

Министрликтин билдирүүсүндө Орусиянын куралдуу күчтөрүнүн Украинадагы аракеттери тууралуу маалымат бөлүшүлдү.


01.09.2024 : www.trt.net.tr

источник: http://www.trt.net.tr/kyrgyz/duino/2024/09/01/orusiia-donietsktieghi-kirovo-konushun-kozomolgho-aldyk-2181879

 
Loading...

Кыймылсыз мүлк