Адвокат
Касап адвокатка келиптир:
- Билесизби, бир ит менин сатып жаткан эттериме тийип, эттерди арам кылып койду. Аларды эми сата албайм. Эмне кылсам болот?
- Ал иттин ээсин билесизби?
- Ооба.
- Анда бул оңой эле иш: иттин ээсин сотко бересиз, саталбай калган этиңиздин акчасын андан алып алышыңыз мүмкүн... Иттин ээси ким?
- Ал сиздин итиңиз болчу...
- Аа, ошондойбу?.. Канча акчалык этти сата албай калдыңыз?
- 3 кг. 450 сом болот...
- Менин адвокаттык иш акым болсо 900 сом болот... Сиз мага 450 берсеңиз, эсеп туура болот да, ее?
Кийинки анекдот/апендини оку
Казакстанда АЭС куруу маселеси референдумда чечилетКазакстандын президенти Касым-Жоомарт Токаев АЭС куруу жөнүндө талаштуу маселе боюнча 6-октябрга референдум дайындады. Өлкөдө атомдук электр куруу маселеси боюнча бир жылдан ашык мезгилден бери катуу талаш-тартыштар болуп келатат. 03.09.2024 : www.bbc.com |
Loading...
|
Жарыялар |