"КУДАЙ БУЮРСА"
Кайсы бир өткөн замандарда такырле Кудайга ишенбеген бир күйөө сөрөй болуптур. Кечки тамак. Аялы аябай берилип манты жасап, 5-10 мүнөт жакшылап бууланып бышсын деп, … өзү дасторконду даярдап кирет. Ангыча ары жактагы күйөөсү дасторконго жетип келип “ай мантың быштыбы,.алпкеле берчи батыраак!!” дейт. Аялы: Кое тур эми кудай буюрса 10 мүнөттө бышып калат” деп жооп узатат. “Эй...апкеле берчи,..кудай буюрса, буюрбаса деле жечү мантыны жей берем,..алып кел эми!” деп ороңдойт күйөөсү. Жолдошунун мүнөзүн түшүнгөн аялы мантыны алып келет, күйөөсү бир мантыны колго алып эми оозго сала берээрде эшиктин конгуроосу шынгырайт да, менттер келип кайсы бир кылмышка тиешеңиз бар экен деп аялдын күйөөсүн ой-боюна койбой алып кетишип, түрмөгө 3 ай жатып чыгат. Түн. Аялы өзү жалгыз үйдө олтурат. Эшиктин конгуроосу угулат. Аял эшиктин жанына басып барып: “Ким бул?” десе, сырттан күйөөсүнүн үнү угулат: Кудай буюрса , мен сенин күйөөң болом...
Кийинки анекдот/апендини оку
Путин: жөнөкөй курал деле Орусияга чоң коркунуч, ага өзөктүк курал менен жооп кайтарабызОрусиянын президенти Владимир Путин буга чейин Орусиянын өзөктүк курал боюнча доктринасы өзгөрүлөрүн кулактандырган эле. Эми эмне өзгөрө турганын кеп кыла баштады. Москва "өзөктүк курал менен жооп кайтарылат" деген тизмени кеңейтет. Жөнөкөй эле курал дагы Орусиянын суверенитетине "коркунучтун жеткен чеги". Анда эле өзөктүк курал менен жооп кайтарууга негиз болот деп жарыялады. 26.09.2024 : www.bbc.com |
Loading...
|
Жарыялар |