Адвокат
Касап адвокатка келиптир:
- Билесизби, бир ит менин сатып жаткан эттериме тийип, эттерди арам кылып койду. Аларды эми сата албайм. Эмне кылсам болот?
- Ал иттин ээсин билесизби?
- Ооба.
- Анда бул оңой эле иш: иттин ээсин сотко бересиз, саталбай калган этиңиздин акчасын андан алып алышыңыз мүмкүн... Иттин ээси ким?
- Ал сиздин итиңиз болчу...
- Аа, ошондойбу?.. Канча акчалык этти сата албай калдыңыз?
- 3 кг. 450 сом болот...
- Менин адвокаттык иш акым болсо 900 сом болот... Сиз мага 450 берсеңиз, эсеп туура болот да, ее?
Кийинки анекдот/апендини оку
Түркия 116 өлкөгө чай саттыБул экспорттон 18 миллион 23 миң 919 долларлык киреше түштү. 12.10.2024 : www.trt.net.tr источник: http://www.trt.net.tr/kyrgyz/ekonomika-1/2024/10/12/turkiia-116-olkogho-chai-satty-2197527 |
|
Loading...
|
|
|