Кыргызча анекдот / апенди:

Диалект
Ош-Бишкек жолунда оштуктар менен таластыктар бир машинада баратып, сөз талашып кетет экен. Бир кезде таластык айтып жатат: "Оштуктар жумуртканы 'тукум' дейсиңер, 'тукум' деген сөз кыргыз тилинде жок, ал өзбек тилинен алынган", - деп, анан тиги оштук: "Тукум' деген сөз кыргыз тилинде бар", - десе тиги таластык: "жо-ок", - деп такыр баш бербей келатканда бир маалда Суусамырдагы Таласка бурулчу жерге токтотуп, оштук айтыптыр: "Тэ-э-этиги Манас Атабыздын эстелигин көрдүңбү? Ошол жерде "Манастын тукумдары" деп жазылып турат, ошону барып, "Манас Атабыздын жумурткалары" деп өзгөртүп кой...", - деген экен.
Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD84.4085.30
EUR91.7092.70
RUB0.9500.970
KZT0.12400.2000

обновление 20.07.2024 04:10:08

Тышкы иштер министри Фидан Мирзоян жана Лавров менен жолугушту

Жолугушууда эки тараптуу мамилелер жана аймактык маселелер талкууланды.


18.10.2024 : www.trt.net.tr

источник: http://www.trt.net.tr/kyrgyz/turkiia-1/2024/10/18/tyshky-ishtier-ministri-fidan-mirzoian-zhana-lavrov-mienien-zholughushtu-2200383

 
Loading...

Кыймылсыз мүлк