карыш жылба
Апенди кичинесинен эле шум чыгыптыр. Ага өңгөлөр эмес, өз энеси да таң калчу экен. Бир күнү энеси айылчылаганы баратып: 
-Каралдым, үйгө сак бол. Эшиктен карыш жылба - дейт. Апенди үй кайтарып, эшиктин алдында отурса, мейман келип калат. 
-Силер үйгө кире тургула, мен энеми чакырып келе коёюн - деп, Апенди каалганы кашегинен чыгарып алып, көтөргөн тейден жүгүрүп кетет. 
-Э, ботом, бу эмнең?! - дейт энеси уулун көрө сала чочуп 
-Каалганы жонуна артып алат деген эмне тамтык! Кокуй... 
-Өзүң, эшиктен карыш жылба деп!.. Мына, карыш жылбай эшик менен кошо келдим - дептир анда уулу. Азимбек Матраимов
Кийинки анекдот/апендини оку
                              Орус бомбардир учактары Кара деңиздин үстүндө учтуБул учактарды «Су-30СМ» жана «Су-27» үлгүсүндөгү согуштук учактардын коштогону, учуунун 5 саатка созулганы маалымдалды. 13.11.2024 : www.trt.net.tr  | 
                            
| 
 
        Loading...     
        
     | 
                            
                Жарыялар |