Кыргызча анекдот / апенди:

Диалект
Ош-Бишкек жолунда оштуктар менен таластыктар бир машинада баратып, сөз талашып кетет экен. Бир кезде таластык айтып жатат: "Оштуктар жумуртканы 'тукум' дейсиңер, 'тукум' деген сөз кыргыз тилинде жок, ал өзбек тилинен алынган", - деп, анан тиги оштук: "Тукум' деген сөз кыргыз тилинде бар", - десе тиги таластык: "жо-ок", - деп такыр баш бербей келатканда бир маалда Суусамырдагы Таласка бурулчу жерге токтотуп, оштук айтыптыр: "Тэ-э-этиги Манас Атабыздын эстелигин көрдүңбү? Ошол жерде "Манастын тукумдары" деп жазылып турат, ошону барып, "Манас Атабыздын жумурткалары" деп өзгөртүп кой...", - деген экен.
Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD87.1087.60
EUR101.90102.90
RUB1.1001.135
KZT0.16500.1750

обновление 30.12.2025 03:46:09

Израиль Газага жасаган кол салуусунда 25 палестиналык каза болду

Палестинанын WAFA агенттигинин маалыматына караганда, Израиль армиясы Газа тилкесинин борбордук бөлүгүндөгү Дейр ал-Балах шаарындагы Бурейж качкындар лагеринен көчүрүлгөн палестиналыктар баш калкалаган Бириккен Улуттар Уюмунун  мектебин бутага алды.


04.12.2024 : www.trt.net.tr

источник: http://www.trt.net.tr/kyrgyz/duino/2024/12/04/izrail-gazagha-zhasaghan-kol-saluusunda-25-paliestinalyk-kaza-boldu-2216921

 
Loading...

Кызматтар