карыш жылба
Апенди кичинесинен эле шум чыгыптыр. Ага өңгөлөр эмес, өз энеси да таң калчу экен. Бир күнү энеси айылчылаганы баратып:
-Каралдым, үйгө сак бол. Эшиктен карыш жылба - дейт. Апенди үй кайтарып, эшиктин алдында отурса, мейман келип калат.
-Силер үйгө кире тургула, мен энеми чакырып келе коёюн - деп, Апенди каалганы кашегинен чыгарып алып, көтөргөн тейден жүгүрүп кетет.
-Э, ботом, бу эмнең?! - дейт энеси уулун көрө сала чочуп
-Каалганы жонуна артып алат деген эмне тамтык! Кокуй...
-Өзүң, эшиктен карыш жылба деп!.. Мына, карыш жылбай эшик менен кошо келдим - дептир анда уулу. Азимбек Матраимов
Кийинки анекдот/апендини оку
Элдик курултай: максаты жана жыйынтыгыКыргызстанда Курултай институтунун коомдогу орду боюнча көптөгөн талкуулар айтылып жүрөт. Мындан үч жыл мурун уюм кыргыздын ата-бабадан калган салт-санаасына таянып, коомдун өнүгүүсүнө жаңыча багыт берүүчү орган катары түзүлгөн. 30-декабрда жер-жерлерден дайындалган 700 делегат кайрадан борбордо чогулат. Бирок курултай өз миссиясын канчалык деңгээлде ишке ашырып жатат жана коомдун өнүгүүсүнө кандай салым кошо алды деген суроолор ачык бойдон калууда. 10.12.2024 : www.bbc.com |
|
Loading...
|
Жарыялар |