Кыргызча анекдот / апенди:

Психолог кыз
Жигит бир кафеде отуруп маңдайында отурган кыз менен кантип сүйлөшүүнүн жолдорун ойлонуп жатты. Акыры өзүнө бекем туруп кыздын жанына барып:
- Кечиресиз чоң кыз, сүйлөшүп отурсам болобу? дейт
Кыз катуу кыйкырып:
- Уяты жок десе, мен сен ойлогон кыздардан эмесмин!
Элдин баары жигитке карап, жигит аябай уялып, кызарып ордуна барып отурат.
Бир канча мүнөт өткөн соң, кыз жылмайып жанагы жигиттин жанына келип:
- Кечиресиз, мен психология бөлүмүндө окуйм, адамдардын катуу уялган учурунда кандай мамиле кылуусун изилдеп жаткамын дейт.
Аябай жаны ачышып калган жигит да кыйкырып:
- Эмне, Бир түнгө 1000 долларбы? Сен жиндисинби?
Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD87.4087.80
EUR102.40103.40
RUB1.1101.135
KZT0.16000.1800

обновление 23.12.2025 15:01:46

"Буудай даны" тасмасы Нигерияда сыйлыкка ээ болду

Серкан Байрам сыйлык кабарын социалдык медиа эсебине билдирүү менен жарыялады.


14.12.2024 : www.trt.net.tr

источник: http://www.trt.net.tr/kyrgyz/madaniiat-zhana-chiebierchilik/2024/12/14/buudai-dany-tasmasy-nighieriiada-syilykka-ee-boldu-2220502

 
Loading...

Кыймылсыз мүлк