Кыргызча анекдот / апенди:

карыш жылба
Апенди кичинесинен эле шум чыгыптыр. Ага өңгөлөр эмес, өз энеси да таң калчу экен. Бир күнү энеси айылчылаганы баратып:
-Каралдым, үйгө сак бол. Эшиктен карыш жылба - дейт. Апенди үй кайтарып, эшиктин алдында отурса, мейман келип калат.
-Силер үйгө кире тургула, мен энеми чакырып келе коёюн - деп, Апенди каалганы кашегинен чыгарып алып, көтөргөн тейден жүгүрүп кетет.
-Э, ботом, бу эмнең?! - дейт энеси уулун көрө сала чочуп
-Каалганы жонуна артып алат деген эмне тамтык! Кокуй...
-Өзүң, эшиктен карыш жылба деп!.. Мына, карыш жылбай эшик менен кошо келдим - дептир анда уулу. Азимбек Матраимов
Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD87.4087.80
EUR100.70101.70
RUB1.1951.240
KZT0.17500.1900

обновление 10.06.2026 07:47:03

Өтө чоң аралыкты сүзүп өткөн өркөчтүү кит окумуштууларды таң калтырды

Окумуштуулар өркөчтүү киттин эң узак аралыкты сүзүп өткөн адаттан тыш окуясын аныктады. Бул климаттын өзгөрүшүнө же киттин өзүнө түгөй издөөсүнө байланыштуу болушу мүмкүн. 2017-жылы бул кит Колумбиянын жээгинде байкоого алынган, бир нече жылдан кийин ал Инди океанындагы Занзибарга жакын жерде пайда болуп, кеминде 13 000 чакырым сүзүп өткөн.


18.12.2024 : www.bbc.com

источник: https://www.bbc.com/kyrgyz/articles/c4g2qjxxgy0o

 
Loading...

Кыймылсыз мүлк