Кыргызча анекдот / апенди:

Туулган күнүң менен
Жигит түн жарымында, аябай таттуу уктап жатканда бирөө телефон чалып, уйкусун бузат. Жигит уйкусунун бузулганына аябай ачууланып телефонун караса, апасы чалып жаткан болот. Апасына жини келип кыйкырып:
-Эрте менен деле чалсаң болот эле го, түн жарымында уйкуну бузбай, дейт.
Анда апасы капа болгон, мунайыңкы үнү менен:
-Уулум, мындан толук 18 жыл мурун, түн ортосунда, так ушул мүнөттө, сен да менин уйкуму бузуп дүйнөгө келгенсин, туулган күнүң менен, деп телефонун өчүрүп коет.

Энелерди барктай билели, сыйлай билели.
Эгер сиз бул окуяны окуган болсоңуз, апакеңиздин бетинен өөп көңүлүн алып коюңуз,
урматтуу Изде.КГ сайтынын окурманы


Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD87.4087.80
EUR101.40102.40
RUB1.2051.240
KZT0.17000.1900

обновление 31.05.2026 23:01:40

Түркия Казакстанга көңүл айтты

Тышкы иштер министрлиги, Баку-Грозный каттамын аткарган жүргүнчү учагынын бүгүн эртең менен Казакстандын Актау шаарына жакын жерде кырсыкка учурашына терең кайгырганын билдирди.


25.12.2024 : www.trt.net.tr

источник: http://www.trt.net.tr/kyrgyz/turkiia-1/2024/12/25/turkiia-kazakstangha-kon-ul-aitty-2224021

 
Loading...

Жарыялар