Психолог кыз
Жигит бир кафеде отуруп маңдайында отурган кыз менен кантип сүйлөшүүнүн жолдорун ойлонуп жатты. Акыры өзүнө бекем туруп кыздын жанына барып:
- Кечиресиз чоң кыз, сүйлөшүп отурсам болобу? дейт
Кыз катуу кыйкырып:
- Уяты жок десе, мен сен ойлогон кыздардан эмесмин!
Элдин баары жигитке карап, жигит аябай уялып, кызарып ордуна барып отурат.
Бир канча мүнөт өткөн соң, кыз жылмайып жанагы жигиттин жанына келип:
- Кечиресиз, мен психология бөлүмүндө окуйм, адамдардын катуу уялган учурунда кандай мамиле кылуусун изилдеп жаткамын дейт.
Аябай жаны ачышып калган жигит да кыйкырып:
- Эмне, Бир түнгө 1000 долларбы? Сен жиндисинби?
Кийинки анекдот/апендини оку
Венгрия- Румыния чек ара текшерүүсүВенгриянын полициясы, өлкөгө кирген жүргүнчүлөргө туш келди текшерүүлөр жүргүзүлүшү мүмкүн экенин эскертип, керектүү документтерди жанында алып жүрүүнү сунуштады. 31.12.2024 : www.trt.net.tr источник: http://www.trt.net.tr/kyrgyz/duino/2024/12/31/vienghriia-rumyniia-chiek-ara-tiekshieruusu-2225773 |
|
Loading...
|
|
|