карыш жылба
Апенди кичинесинен эле шум чыгыптыр. Ага өңгөлөр эмес, өз энеси да таң калчу экен. Бир күнү энеси айылчылаганы баратып:
-Каралдым, үйгө сак бол. Эшиктен карыш жылба - дейт. Апенди үй кайтарып, эшиктин алдында отурса, мейман келип калат.
-Силер үйгө кире тургула, мен энеми чакырып келе коёюн - деп, Апенди каалганы кашегинен чыгарып алып, көтөргөн тейден жүгүрүп кетет.
-Э, ботом, бу эмнең?! - дейт энеси уулун көрө сала чочуп
-Каалганы жонуна артып алат деген эмне тамтык! Кокуй...
-Өзүң, эшиктен карыш жылба деп!.. Мына, карыш жылбай эшик менен кошо келдим - дептир анда уулу. Азимбек Матраимов
Кийинки анекдот/апендини оку
АКШдан Нигерияга 52, 88 миллион доллар кайтарылып берилетАмерика Кошмо Штаттары (АКШ) Нигерияда коррупция менен айыпталгандан кийин өлкөдөн качып кеткен мурдагы мунай министри Диезани Элисон-Мадуеке менен байланыштуу 52,88 миллион долларлык активдерди Нигерияга кайтарып берет. 10.01.2025 : www.trt.net.tr |
|
Loading...
|
|
|