Кыргызча анекдот / апенди:

мен баарын билем!
Бир балакай чоңдордун баарында эч кимге айтпаган бир сыры сөзсүз болот деп ойлойт да муну текшерип көргүсү келет. Апасына:
- Апа, мен баарын билем!
Көзү алая түшкөн апасы:
- Түшүндүм. Ме могу 100 сомду ал да, атаңа эч нерсе айтпа!
Кубанычы койнуна батпаган балакай атасына келет да:
- Ата, мен баарын билем!
Коркуп кеткен атасы:
- Болуптур оозуңдан сөз чыкпасын. 200 сомду ал да, апаңа айтчу болбо!
Аңгыча эшикти бирөө кагып калат. Бала эшикти ачса почтальон турат. Анда бала:
- Почтальон байке, мен эми БААРЫН билем!
Почтальон тизелей калып колдорун жая:
- Айланайыным, ырас билген болсоң, келчи атакең сени бир кучактасын!

Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD87.4087.80
EUR100.60101.60
RUB1.1901.230
KZT0.15000.1950

обновление 10.06.2026 08:31:42

Камчыбек Ташиев: Эми чек ара боюнча документтер ачык талкууланат

Жогорку Кеңештеги комитеттердин биргелешкен жыйынында кыргыз-тажик чек арасын тактоо боюнча долбоор каралды. Атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиев атайын баяндама жасады. Ал чек араны тактоо ишинин мындан аркы процедурасын чечмелеп, өтө талылуу маселе каралып жатат деп белгиледи.


27.02.2025 : www.bbc.com

источник: https://www.bbc.com/kyrgyz/articles/c5yrrkj5zjmo

 
Loading...

Авто-мото