Кыргызча анекдот / апенди:

Жума хутбасы
Имам жума хутбасында жамаатка кайрылып арак ичкендерди жемелеп жатты.
-Акчаңарды көчөгө чачасынар!
Пайда көргөн ким? арак сатуучу
Эң чоң дүкөн кимдики? арак сатуучунуку
Эң сонун үй кимдики? арак сатуучунуку
Эң сонун машине кимдики? арак сатуучунуку
Бул акчаны берген ким? Силерге окшогон акылсыздар!
Арадан эки жума өтүп, бир адам имамга келип, кучактап ыраазычылыгын билдирет
- Сиздин жума хутбасында айткан насаатыныз менен жашоом оңолду.
Имам өзүнчө ыраазы,
- Азаматсың, аракты таштагандын жакшылыгын акыретте да көрөсүң.
Адам имамды токтото калып:
- Мен аракты таштаган жокмун, Арак саткан дүкөн ачтым, дептир
Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD87.3087.80
EUR101.20102.20
RUB1.1601.200
KZT0.12000.1920

обновление 04.06.2026 00:31:43

"Балыкчы-Кочкор" темир жолунун курулушу кайсы баскычына жетти?

Кыргызстан жүк ташууда негизинен автомобиль жолдоруна көз каранды. Географиялык жайгашуусун эске алганда өлкө деңизге чыга албайт, темир жол тармагында аймактар ортосунда бирдиктүү байланыш жок. Мындан улам жылдар бою Кыргызстандын транзиттик мүмкүнчүлүгү чектелип, кошуна өлкөлөргө логистикалык жактан көз каранды болуп келгени анык. Соңку жылдары көптөн бери сөз болуп, бирок ишке ашпай келген темир жол багытындагы стратегиялык долбоорлор акырындап аткарыла баштады жана анын бири "Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече-Макмал" темир жолу.


12.05.2025 : www.bbc.com

источник: https://www.bbc.com/kyrgyz/articles/c4g7vq0jv84o

 
Loading...

Жарыялар