карыш жылба
Апенди кичинесинен эле шум чыгыптыр. Ага өңгөлөр эмес, өз энеси да таң калчу экен. Бир күнү энеси айылчылаганы баратып:
-Каралдым, үйгө сак бол. Эшиктен карыш жылба - дейт. Апенди үй кайтарып, эшиктин алдында отурса, мейман келип калат.
-Силер үйгө кире тургула, мен энеми чакырып келе коёюн - деп, Апенди каалганы кашегинен чыгарып алып, көтөргөн тейден жүгүрүп кетет.
-Э, ботом, бу эмнең?! - дейт энеси уулун көрө сала чочуп
-Каалганы жонуна артып алат деген эмне тамтык! Кокуй...
-Өзүң, эшиктен карыш жылба деп!.. Мына, карыш жылбай эшик менен кошо келдим - дептир анда уулу. Азимбек Матраимов
Кийинки анекдот/апендини оку
Путин: украин аскерлери Донбасстан чыкпаса, Орусия аны басып алатОрус президенти Владимир Путин Украинанын чыгышындагы Донбасс аймагынан украин аскерлери чыгып кетиши керектигин, болбосо Москва Украинада согушту токтотуу боюнча кандай мунаса болбосун четке кагып, аны күч менен аларын кайталап эскертти. 05.12.2025 : www.bbc.com источник: https://www.bbc.com/kyrgyz/articles/c865g35j4e4o?at_medium=RSS&at_campaign=rss |
|
Loading...
|
|
|