карыш жылба
Апенди кичинесинен эле шум чыгыптыр. Ага өңгөлөр эмес, өз энеси да таң калчу экен. Бир күнү энеси айылчылаганы баратып:
-Каралдым, үйгө сак бол. Эшиктен карыш жылба - дейт. Апенди үй кайтарып, эшиктин алдында отурса, мейман келип калат.
-Силер үйгө кире тургула, мен энеми чакырып келе коёюн - деп, Апенди каалганы кашегинен чыгарып алып, көтөргөн тейден жүгүрүп кетет.
-Э, ботом, бу эмнең?! - дейт энеси уулун көрө сала чочуп
-Каалганы жонуна артып алат деген эмне тамтык! Кокуй...
-Өзүң, эшиктен карыш жылба деп!.. Мына, карыш жылбай эшик менен кошо келдим - дептир анда уулу. Азимбек Матраимов
Кийинки анекдот/апендини оку
Министр Орунтаев реновация мыйзам долбоору иштелип чыкканын айттыКурулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев реновация - көп кабаттуу эски үйлөрдүн ордуна жаңы, көп батирлүү үйлөрдү куруу боюнча мыйзам иштелип чыкканын билдирди. Бул тууралуу ал 10-декабрда “Кабар” улуттук маалымат агенттигиндеги маегинде айтты.“Эски турак жайды сатып алып жаткан компания мамлекеттик же жеке менчик ишкана болобу, биз жарандардын укугун коргошубуз керек. Ошондуктан бул мыйзам биринчиден укуктарды коргоого багытталган мыйзам болот. Компания... 10.12.2025 : www.azattyk.kg источник: https://www.azattyk.kg/a/33618893.html |
|
Loading...
|
|
|