Коркок имам
Бир имамды айылга жөнөтүшөт экен, айылга барып имамдык кылып кел деп.
Айылдагылар имамдын коркок экенин угушуп, имамды тамашалап коркутуп көрөлү дешиптир.
Бир жаназа бар ошону жууш керек дешет, биз эч кимибиз жууй албайбыз деп, имамды жууп берүүсүн
өтүнүшөт.
Имам жууганы кирип кетет,
Бир топ убакыт өтөт, имамдан эч дайын жок. Айылдагылыр имамга эмне болду деп тынчсызданышат.
Имам тердеген бойдон жини келип сыртка чыгат, айылдагыларга кайрылат:
- Эй, жамаат, мындан кийин мага тирүү бирөөнү жуу дебегиле, араңдан өлтүрүп жууп чыктым дейт экен.
Кийинки анекдот/апендини оку
Беларуста 100дөн ашуун саясий туткун абактан чыкты13-декабрда Беларуста саясий туткун, 2020-жылдагы нааразылык акцияларынын лидерлеринин бири Мария Колесникова, укук коргоочу, Нобелдин 2022-жылдагы Тынчтык сыйлыгынын лауреаты Алес Беляцкий, президенттик шайлоого талапкер болуп катышкан оппозиционер саясатчы Виктор Бабарико эркиндикке чыкты. Үчөө тең 2021-2023-жылдары 10-14 жылга кесилген. "Весна" укук коргоо кыймылынын маалыматына караганда, мунапыс алгандардын катарында адвокат Максим Знак, TUT.BY порталынын башкы редактору... 14.12.2025 : www.azattyk.kg источник: https://www.azattyk.kg/a/33622912.html |
|
Loading...
|
Жарыялар |