Орус кыргыздын үйүндө конокто
Бир заманда орус менен кыргыз корүшүп, Орус кыргызча, кыргыз орусча билбейт экен. Бир күнү кыргыз орусту үйүнө коноко чакырыптыр. Орус кыргыздын үйүнө келип дасторкондон эч нерсе жебей отуруптур. Кыргыз "уялбай жей бер" дегенди кандай айтарын билбей,
оруска "ешь, ешь как тебе не стыдно" дептир.
Орус андан сайын эч нерсе жебей, бир ордунда отура бериптир.
Кыргыз ойлоптур "мүмкүн буга кой союп бериш керек деп". Аны кандай айтарын билбей оруска "я тебя как барана зарежу" дептир. Орус ордунан тура салып качып бара жатса. "Ары-бери өткөндө келип тур" дегенди кандай айтарын билбей ,
качып бара жаткан оруска "туда-сюда пройдешь, все равно поймаю" дептир...
Кийинки анекдот/апендини оку
Кара-Сууда бир үйдөн үч наристе иске ууланып чарчап калдыКара-Суу районунун Баш-Булак айыл аймагында үч бала көмүр исине ууланып каза болгону белгилүү болду.Ош облустук милициясынын маалыматына ылайык, окуя 10-декабрда болгон.Алты, үч жана бир жаштагы бир туугандардын өмүрү кыйылган. Алардын 27 жаштагы апасы сегиз жаштагы кызы менен ооруканага түшкөн.Бул факты Кара-Суу райондук милициясында каттоо алынып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган.Кыргызстанда кыш мезгилинде иске ууланган учурлар утур-утур катталып турат. Быйыл апрелде Чоң-Алай... 15.12.2025 : www.azattyk.kg источник: https://www.azattyk.kg/a/33623495.html |
|
Loading...
|
Жарыялар |