Кыргызча анекдот / апенди:

"КУДАЙ БУЮРСА"
Кайсы бир өткөн замандарда такырле Кудайга ишенбеген бир күйөө сөрөй болуптур. Кечки тамак. Аялы аябай берилип манты жасап, 5-10 мүнөт жакшылап бууланып бышсын деп, … өзү дасторконду даярдап кирет. Ангыча ары жактагы күйөөсү дасторконго жетип келип “ай мантың быштыбы,.алпкеле берчи батыраак!!” дейт. Аялы: Кое тур эми кудай буюрса 10 мүнөттө бышып калат” деп жооп узатат. “Эй...апкеле берчи,..кудай буюрса, буюрбаса деле жечү мантыны жей берем,..алып кел эми!” деп ороңдойт күйөөсү. Жолдошунун мүнөзүн түшүнгөн аялы мантыны алып келет, күйөөсү бир мантыны колго алып эми оозго сала берээрде эшиктин конгуроосу шынгырайт да, менттер келип кайсы бир кылмышка тиешеңиз бар экен деп аялдын күйөөсүн ой-боюна койбой алып кетишип, түрмөгө 3 ай жатып чыгат. Түн. Аялы өзү жалгыз үйдө олтурат. Эшиктин конгуроосу угулат. Аял эшиктин жанына басып барып: “Ким бул?” десе, сырттан күйөөсүнүн үнү угулат: Кудай буюрса , мен сенин күйөөң болом...
Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD87.4087.80
EUR100.80101.80
RUB1.1101.135
KZT0.15000.1800

обновление 17.07.2025 17:38:17

Кыргыз-тажик чек арасында айырбашталуучу айылдардагы мүлктү тактоо иши жыйынтыкталды

Кыргызстан менен Тажикстан ортодогу чек ара тилкесинде айырбаштаган айылдардагы кыймылсыз мүлктү өткөрүп алуу жана өткөрүп берүү ишин жыйынтыктады. Бул тууралуу 26-декабрда президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.Мекеменин маалыматына караганда, 24-декабрда кыймылсыз мүлктү инвентаризациялоо боюнча биргелешкен комиссиянын төрагалары – Кыргызстандын президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Бактыбек Токсонбаев...


26.12.2025 : www.azattyk.kg

источник: https://www.azattyk.kg/a/33633482.html

 
Loading...

Жарыялар