Кыргызча анекдот / апенди:

Жума хутбасы
Имам жума хутбасында жамаатка кайрылып арак ичкендерди жемелеп жатты.
-Акчаңарды көчөгө чачасынар!
Пайда көргөн ким? арак сатуучу
Эң чоң дүкөн кимдики? арак сатуучунуку
Эң сонун үй кимдики? арак сатуучунуку
Эң сонун машине кимдики? арак сатуучунуку
Бул акчаны берген ким? Силерге окшогон акылсыздар!
Арадан эки жума өтүп, бир адам имамга келип, кучактап ыраазычылыгын билдирет
- Сиздин жума хутбасында айткан насаатыныз менен жашоом оңолду.
Имам өзүнчө ыраазы,
- Азаматсың, аракты таштагандын жакшылыгын акыретте да көрөсүң.
Адам имамды токтото калып:
- Мен аракты таштаган жокмун, Арак саткан дүкөн ачтым, дептир
Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD0.170.20
EUR0.170.20
RUB0.1700.200
KZT0.17000.2000

обновление 15.05.2026 06:58:25

Садыр Жапаров курултайдын 71 делегаты шайлоодо добуш бергенин айтып алдаганын билдирди

Президент Садыр Жапаров IV курултайдын 690 делегатынын ичинен 71и соңку парламенттик шайлоого барганын айтып алдаганын билдирди. Бул тууралуу Фейсбуктагы баракчасына жазып, алардын аты-жөнүн ачык атабоону чечкенин белгиледи:"Төртүнчү элдик курултайдын экинчи күнү – бүгүн, 26-декабрда, делегаттардын суроолоруна жооп бердим. Буга чейин делегаттардын бири шайлоого байланыштуу суроолорун берген эле. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого байланышкан маселелерге токтолуп, добуш берүүгө...


26.12.2025 : www.azattyk.kg

источник: https://www.azattyk.kg/a/33633436.html

 
Loading...

Авто-мото