Кыргызча анекдот / апенди:

Туулган күнүң менен
Жигит түн жарымында, аябай таттуу уктап жатканда бирөө телефон чалып, уйкусун бузат. Жигит уйкусунун бузулганына аябай ачууланып телефонун караса, апасы чалып жаткан болот. Апасына жини келип кыйкырып:
-Эрте менен деле чалсаң болот эле го, түн жарымында уйкуну бузбай, дейт.
Анда апасы капа болгон, мунайыңкы үнү менен:
-Уулум, мындан толук 18 жыл мурун, түн ортосунда, так ушул мүнөттө, сен да менин уйкуму бузуп дүйнөгө келгенсин, туулган күнүң менен, деп телефонун өчүрүп коет.

Энелерди барктай билели, сыйлай билели.
Эгер сиз бул окуяны окуган болсоңуз, апакеңиздин бетинен өөп көңүлүн алып коюңуз,
урматтуу Изде.КГ сайтынын окурманы


Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD87.4087.80
EUR100.70101.70
RUB1.1951.240
KZT0.17500.1900

обновление 09.06.2026 19:47:06

Азык-түлүк баасы былтыркыга караганда 8,9% көтөрүлдү

Улуттук статистика комитетинин маалыматында 2025-жылы азык-түлүк баасы өткөн жылдын декабрына салыштырганда 8,9% өскөн.Анын ичинен мөмө-жемиш 42,0%, балмуздак 20,6% өсүмдүк майлары 17,4%, балык 15,7%, эт 15,2%, минералдык суу 10,2%, бал 9,4%, жашылча 9,4%, чай 5,4%, ун 4,8%,кургатылган мөмөлөр жана жаңгактар 4,7%, нан 4,6% кымбаттаган.Ал эми жумуртка баасы 10,1%, күрүч 1,6%, малдын майы 0,3% төмөндөгөн.2024-жылдын декабры менен салыштырганда алкоголдук ичимдиктер 7,3%, тамеки 9,4%...


28.12.2025 : www.azattyk.kg

источник: https://www.azattyk.kg/a/33634651.html

 
Loading...

Авто-мото