Жума хутбасы
Имам жума хутбасында жамаатка кайрылып арак ичкендерди жемелеп жатты.
-Акчаңарды көчөгө чачасынар!
Пайда көргөн ким? арак сатуучу
Эң чоң дүкөн кимдики? арак сатуучунуку
Эң сонун үй кимдики? арак сатуучунуку
Эң сонун машине кимдики? арак сатуучунуку
Бул акчаны берген ким? Силерге окшогон акылсыздар!
Арадан эки жума өтүп, бир адам имамга келип, кучактап ыраазычылыгын билдирет
- Сиздин жума хутбасында айткан насаатыныз менен жашоом оңолду.
Имам өзүнчө ыраазы,
- Азаматсың, аракты таштагандын жакшылыгын акыретте да көрөсүң.
Адам имамды токтото калып:
- Мен аракты таштаган жокмун, Арак саткан дүкөн ачтым, дептир
Кийинки анекдот/апендини оку
Кыргызстанга былтыр 21 миллионго чукул чет өлкөлүк жаран кирген2025-жылы Кыргызстандын мамлекеттик чек арасынан чет өлкөлүк 20 млн 978 миң 965 жаран өтүп кирген. Бул 2024-жылга салыштырмалуу 18,6 пайызга көп. 2024-жылы 17 млн 682 миң 929 чет өлкөлүк кирген болсо, 2023-жылы бул көрсөткүч 17 млн 480 миң 097 адам болчу. Маалыматты Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Чек ара кызматы 23-январда жарыялады.Маалыматка ылайык, былтыркы жылы сырттан кирүү агымынын кескин өсүшү туризмдин өнүгүшү, эл аралык каттамдардын кеңейиши, ишкердик жана... 23.01.2026 : www.azattyk.kg источник: https://www.azattyk.kg/a/33657390.html |
|
Loading...
|
Жарыялар |