Адвокат
Касап адвокатка келиптир:
- Билесизби, бир ит менин сатып жаткан эттериме тийип, эттерди арам кылып койду. Аларды эми сата албайм. Эмне кылсам болот?
- Ал иттин ээсин билесизби?
- Ооба.
- Анда бул оңой эле иш: иттин ээсин сотко бересиз, саталбай калган этиңиздин акчасын андан алып алышыңыз мүмкүн... Иттин ээси ким?
- Ал сиздин итиңиз болчу...
- Аа, ошондойбу?.. Канча акчалык этти сата албай калдыңыз?
- 3 кг. 450 сом болот...
- Менин адвокаттык иш акым болсо 900 сом болот... Сиз мага 450 берсеңиз, эсеп туура болот да, ее?
Кийинки анекдот/апендини оку
"Бизди өткөрбөй жатат, Кыргызстанда балдарым калды". Кыргыз-казак чек арасындагы жаңы эрежелерКыргызстанга келип-кетип, убактылуу жашап, иштеп жүргөн же Кыргызстанда окуган ондогон Казакстандын жарандары өлкөгө кире албай калды. Алардын арасында ар кандай шартта казак жарандыгын алып калган кыргыздар да көп. Алардын маселеси 22-январда Жогорку Кеңеште кайрадан көтөрүлдү. 23.01.2026 : www.bbc.com источник: https://www.bbc.com/kyrgyz/articles/c3vee0q1vy4o?at_medium=RSS&at_campaign=rss |
|
Loading...
|
|
|