Бактылуулуктун сыры
Бактылуулуктун сыры
Кичинекей бала үйүндөгү мындай нерсени байкаптыр. Атасын деле апасы башкарат, байкесин караса, байкесин де жеңеси башкарат, туугандарын караса бүт баары эле аялдар башкарат экен. Жалгыз кана чоң атасы чоң энесин башкарат экен.
Бир күнү кичинекей бала келип чоң атасынан сурайт:
- Чоң энем кандай болуп сиздин айткандарыңыздан чыкпай калган?
Чоң атасы болгон окуяны айтып берет экен.
Мен чоң энең менен үйлөнгөндө, айылына барып жүктөрүн ат арабага жүктөп келе жатканда ат мүдүрүлүп кетти.
- Бул бир! деп коюп жолубузга уланттык.
Бара жатканда ат дагы мүдүрүлүп кетти.
- Бул эки! деп жолубузга уланттык
Үчүнчү жолу мүдүрүлүп кетти эле, арабадан түшө калып атты муздап койдум дейт. Ошол кезде чоң энең кыйкырып жиндене баштады
- Бул эмне кылганың, жүктөрдү кантип алып кетебиз, деп
Ошондо
-Бул бир деп айткам, ошондон бери бактылуу жашап келе жатабыз,
Чоң энең бул эки деп айттырбай калган дейт экен
Арадан жылдар өтүп, жанагы кичинекей бала үйлөнөт экен,
Келинчеги кир жууп жаатканда алдынан бир мышык өтө берет экен.
Үйлөнгөн жигит бул бир дейт экен. Мышык дагы өтөт экен, жигит бул эки дейт экен. Мышык үчүнчү жолу өткөндө, бул үч деп туруп мышыкты кармап алып жерге бир чаап өлтүрүп коюп келинчегине карайт экен.
анда келинчеги:
- Мага бул приемун өтпөйт, бул окуяны мен да билем, дейт экен
Кийинки анекдот/апендини оку
АКШдагы калың кар: жети киши набыт болду, миңдеген үйдө жарык жокКошмо Штаттарда катуу бороондон жекшемби күнкү маалыматка ылайык, бери дегенде жети киши каза болду, 800 миңдей керектөөчү электр жарыгы жок калды.Улуттук метеорология кызматынын маалыматына караганда, мектептер менен жолдор жабылып, 11 миңден ашуун авиа каттам аткарылбай калды.Кар аралаш жаан-чачын арктикалык ызгаарды ого бетер күчөттү.Синоптиктер бороондон өлкө калкынын жарымы кайсы бир деңгээлде жабыркашы мүмкүн деп эскертүүдө.Жекшембиде техника аппак кардын алдында калган Нью-Йорктогу... 26.01.2026 : www.azattyk.kg источник: https://www.azattyk.kg/a/33660442.html |
|
Loading...
|
|
|