мен баарын билем!
Бир балакай чоңдордун баарында эч кимге айтпаган бир сыры сөзсүз болот деп ойлойт да муну текшерип көргүсү келет. Апасына:
- Апа, мен баарын билем!
Көзү алая түшкөн апасы:
- Түшүндүм. Ме могу 100 сомду ал да, атаңа эч нерсе айтпа!
Кубанычы койнуна батпаган балакай атасына келет да:
- Ата, мен баарын билем!
Коркуп кеткен атасы:
- Болуптур оозуңдан сөз чыкпасын. 200 сомду ал да, апаңа айтчу болбо!
Аңгыча эшикти бирөө кагып калат. Бала эшикти ачса почтальон турат. Анда бала:
- Почтальон байке, мен эми БААРЫН билем!
Почтальон тизелей калып колдорун жая:
- Айланайыным, ырас билген болсоң, келчи атакең сени бир кучактасын!
Кийинки анекдот/апендини оку
Өзгөндө аламан улак көргөнү барган бир адам машинасы менен кырсыктадыОш облусунун Өзгөн районундагы Төрт-Көл айылында аламан улак тартышты көргөнү барган бир адам кырсыктады. Облустук милициядан кабарлашкандай, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун 2000-жылы туулган тургуну А.А. оюн көргөнү баратып машинасын башкара албай жол жээгиндеги жарга түшүп кеткен. “Окуя болгон жерге тез жардам кызматы келип, биринчи медициналык жардам көрсөтүлдү. Каза болгондор жок. Учурда кырсыктын бардык жагдайлары такталып, тиешелүү текшерүү иштери жүргүзүлүүдө”,-деп жазылган... 08.02.2026 : www.azattyk.kg источник: https://www.azattyk.kg/a/33672609.html |
|
Loading...
|
Жарыялар |