Карыздан кутулуу
Бир жигит досунан 100 000 сом карызга алат экен, бир жылдан кийин 20 процент кошуп 120 000 сом кылып берем дей экен.
арадан бир жыл өтүптүр, досу жигитке келип сүйүнүп сурат экен,
- Досум арадан бир жыл өттү, эми акчамды проценти менен кошо бер деп
жигит досуна ишинин жакшы болбогондугун айтып 5-6 ай дагы убакыт бер дейт экен
арадан 5-6 ай өтүптүр, досу жигитке келип дагы сурайт экен,
мурунку эле жоопту алыптыр:
- Ишим жүрүшпөй жатат, 5-6 ай дагы убакыт бер, дейт экен
досу:
- Досум процентин албай эле койдум, 100 000 сом алган акчанды эле бер, дептир.
жигит аны да бергенге акчасы болбогондукугун айтып досун 5-6 айдан кийин берейин дейт экен.
арадан дагы 5-6 ай өтүптүр, досу жигитке келип 100 000 сом карызын бер дейт экен, жигит дагы деле ошол эле шылтоону айтып акчам жок иштерим жүрүшпөй жатат дептир, досу карызын толук алалбашын сезип жок дегенде 80 000 сомун алайын деп, досуна:
-мейли, 100 000 сомдун баарын албайын, 80 000 сомун бер анда дептир,
жигит 5-6 айдан кийин келгенде 80 000 сомун берерин айтып жөнөтөт.
5-6 ай өтөт, досу жигитке келип 80 000 сомун бер деп сурайт, мурунку эле шылтоо, акча жок деген, досу жигитке жини келип ар келгенде шылтоо айтып жөнөтө бересинби дептир,
Жигит анда айтыптыр:
- Досум бираз сабыр кылып күтө турчу, акырындык менен карызындан кутулуп жатам го, 120 000 сомдон 80 000 сом калды го - дептир
Кийинки анекдот/апендини оку
ЖАМК Айсулуу Мукашеваны өлтүрүүгө шектүү Кумарбек Абдыровдун өлүмүн ырастады17 жаштагы окуучу кыз Айсулуу Мукашеваны өлтүрүүгө шек саналып жаткан Кумарбек Абдыров тергөө абагында каза болду. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) маалыматты ырастап, Абдыровдун өлүмүнүн жагдайы тууралуу маалымат берди. "2026-жылдын 07-февралында, болжол менен саат 12:30 чамасында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №21 мекемесинин (мындан ары ТИЗО-1) абак бөлмөсүнүн ички тор эшигинде, өзүнүн шымын колдонуп айыпталуучу... 07.02.2026 : www.azattyk.kg источник: https://www.azattyk.kg/a/33672148.html |
|
Loading...
|
Жарыялар |