Кыргызча анекдот / апенди:

Азраил
Азраил (жан алгыч периште) бир адамга келип, сенини дүйнөдөгү убактын бүттү, жаныңды алганы келдим дейт.
Адам жалдырап жалбарып мага беш жыл дагы убакыт бер дейт. Азраил макул болуп кетет.
Адам учкуч болуп иштей баштайт. Арадан беш жыл өтүп, адам асманда самолетто бара жатканда азраил келет.
- Сенин убактын бүттү, жаныңды алам!
- Жок, бул жерде менден башка 300 жүргүнчү бар, алар эмне болот дейт адам.
Азраил,
- Силердин баарыңарды бир самолетко араңдан чогулттум, чогултам деп кандай кыйналганымды бир билсең!
Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD87.4087.80
EUR100.70101.70
RUB1.2001.235
KZT0.15000.1950

обновление 10.06.2026 12:17:24

Президенттик шайлоо качан өтөт? Коомдогу талкуулар жана демилгелер

Коомдук жана мамлекеттик ишмерлер, окумуштуулар жана ардагерлер, жалпы 75 киши президент Садыр Жапаровго жана Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна кайрылуу жолдошту. Анда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүү сунушу жана чакырыгы айтылган. Ошол эле кезде шайлоо боюнча бул демилгени негизсиз деп сындагандар да бар. Жогорку Кеңештин спикери же Президенттик администрация кайрылуу боюнча үн ката элек. Буга чейин парламент мыйзам боюнча кезектеги президенттик шайлоо 2027-жылдын 24-январында өтүшү керектигин аныктаган.


09.02.2026 : www.bbc.com

источник: https://www.bbc.com/kyrgyz/articles/c743leepkmeo?at_medium=RSS&at_campaign=rss

 
Loading...

Жарыялар