Диалект
Ош-Бишкек жолунда оштуктар менен таластыктар бир машинада баратып, сөз талашып кетет экен. Бир кезде таластык айтып жатат: "Оштуктар жумуртканы 'тукум' дейсиңер, 'тукум' деген сөз кыргыз тилинде жок, ал өзбек тилинен алынган", - деп, анан тиги оштук: "Тукум' деген сөз кыргыз тилинде бар", - десе тиги таластык: "жо-ок", - деп такыр баш бербей келатканда бир маалда Суусамырдагы Таласка бурулчу жерге токтотуп, оштук айтыптыр: "Тэ-э-этиги Манас Атабыздын эстелигин көрдүңбү? Ошол жерде "Манастын тукумдары" деп жазылып турат, ошону барып, "Манас Атабыздын жумурткалары" деп өзгөртүп кой...", - деген экен.
Кийинки анекдот/апендини оку
Кыргызстанда эл аралык Китеп белек кылуу күнү белгиленип жатат14-февралда Кыргызстанда Китеп белек кылуу күнү кеңири белгиленип жатат. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги бул демилге китепке болгон кызыгууну арттырууга жана коомдун руханий баалуулуктарын бекемдөөгө багытталганын белгиледи.Министрлик кабарлагандай, бул күнү миңден ашуун китепканада “Book Swap” акциясы, квест оюндар жана “Китеп — эң баалуу белек” аттуу иш-чаралар уюштурулууда. Окурмандар ага китеп алмашуу аркылуу активдүү катышып жатышат.Алыкул Осмонов атындагы... 14.02.2026 : www.azattyk.kg источник: https://www.azattyk.kg/a/33678189.html |
|
Loading...
|
|
|