Диалект
Ош-Бишкек жолунда оштуктар менен таластыктар бир машинада баратып, сөз талашып кетет экен. Бир кезде таластык айтып жатат: "Оштуктар жумуртканы 'тукум' дейсиңер, 'тукум' деген сөз кыргыз тилинде жок, ал өзбек тилинен алынган", - деп, анан тиги оштук: "Тукум' деген сөз кыргыз тилинде бар", - десе тиги таластык: "жо-ок", - деп такыр баш бербей келатканда бир маалда Суусамырдагы Таласка бурулчу жерге токтотуп, оштук айтыптыр: "Тэ-э-этиги Манас Атабыздын эстелигин көрдүңбү? Ошол жерде "Манастын тукумдары" деп жазылып турат, ошону барып, "Манас Атабыздын жумурткалары" деп өзгөртүп кой...", - деген экен.
Кийинки анекдот/апендини оку
Индонезия Газадагы тынчтык миссиясына 8 миң аскер жиберүүгө даярИндонезиянын аскер күчтөрү 15-февралда билдиргендей, Газада орнотулары күтүлүп жаткан гуманитардык жана тынчтык миссиясына 8 миңдей аскер жиберүүгө даяр.АКШ президенти Дональд Трамп согуш бүткөндөн кийин Газаны калыбына келтирүү боюнча cунуштаган планда коопсуздукту камсыз кылуу үчүн эл аралык тынчтык күчтөрү зарыл экени айтылган. Индонезия өкмөтү биринчилерден болуп канча аскер жибере аларын так билдирди.Армиянын өкүлү бригадалык генерал Донни Прамоно билдиргендей, 12-февралдагы жыйында... 16.02.2026 : www.azattyk.kg источник: https://www.azattyk.kg/a/33679759.html |
|
Loading...
|
|
|