Коркок имам
Бир имамды айылга жөнөтүшөт экен, айылга барып имамдык кылып кел деп.
Айылдагылар имамдын коркок экенин угушуп, имамды тамашалап коркутуп көрөлү дешиптир.
Бир жаназа бар ошону жууш керек дешет, биз эч кимибиз жууй албайбыз деп, имамды жууп берүүсүн
өтүнүшөт.
Имам жууганы кирип кетет,
Бир топ убакыт өтөт, имамдан эч дайын жок. Айылдагылыр имамга эмне болду деп тынчсызданышат.
Имам тердеген бойдон жини келип сыртка чыгат, айылдагыларга кайрылат:
- Эй, жамаат, мындан кийин мага тирүү бирөөнү жуу дебегиле, араңдан өлтүрүп жууп чыктым дейт экен.
Кийинки анекдот/апендини оку
"Сезимиңди жашырба". Эмоционалдык интеллектти изилдеген сүрөтчү ИлгизГапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде январда өзгөчө мазмундагы көргөзмө өттү. Анын автору жаш сүрөтчү Илгиз Эдилсон. Көргөзмө "Адам эмоцияларынын анатомиясы" деп аталат. Анда адамдын ички дүйнөсү түс, форма жана символдор аркылуу баяндалат. 22.02.2026 : www.bbc.com источник: https://www.bbc.com/kyrgyz/articles/ckg38gk2n92o?at_medium=RSS&at_campaign=rss |
|
Loading...
|
|
|