Маймылды сүйлөтүү
Бир бай Орус менен Кыргызга маймыл (экөөнө бирден) берип, ушуларды адамча сүйлөтүп келгиле деп акчаны берет. болбосо, башыңарды алам дейт.
Орус акчаны алып маймылды курстарга, театрга алып барып иши кылып аракетин кыла баштайт. Кыргыз түшкөн акчага там салат, машине алат, кычырап кийинет. Маймылды үйгө камап койот. Убакыт келип Орус менен Кыргызды чакырышат.
биринчи болуп Орус кирет маймылын ээрчитип. Стулда отурат дейт маймыл сыр бербей, жылтырап, бир оозун ачып койбой. Орустун кетпеген жеринен тер кетет суйлото албай. Жарабадын деп чыгарып ийишет.
Кыргыз арыгы чыгып өлөйүн деп калган маймылын желкеден кармап келип стулга отлтургузат да, кожаный плащтын чөнтөгүнөн каткан нанды алып чыгып кытыратып тиштегилеп кирет. Ошондо маймыл жүгүрүп келип, плащтын этегин тарткылап:
-Дуйшонбек, Душонбек НАН БЕРЧИ! -деген экен
Кийинки анекдот/апендини оку
Кыргызстан чет өлкөлөргө 6,2 тонна алтын сатты2025-жылдын он бир айында Кыргызстан чет өлкөлөргө жалпы суммасы 682,8 млн долларлык 6,2 тонна алтын экспорттоду. Декабрь айында алтын экспорттолгон эмес. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети маалымдады.Ага ылайык, алтын эң көп же 3,9 тонна Швейцарияга сатылды. Улуу Британияга 2,1 тонна, Малайзияга 100 кг, Түркияга 10,6 кг, ал эми Кытайга 200 грамм сатылган.Статком ошол эле учурда былтыр алтын экспорту 2024-жылга салыштырмалуу азайып, 79,5% түшкөнүн белгиледи.Жаратылыш ресурстары,... 23.02.2026 : www.azattyk.kg источник: https://www.azattyk.kg/a/33685388.html |
|
Loading...
|
|
|