Туулган күнүң менен
Жигит түн жарымында, аябай таттуу уктап жатканда бирөө телефон чалып, уйкусун бузат. Жигит уйкусунун бузулганына аябай ачууланып телефонун караса, апасы чалып жаткан болот. Апасына жини келип кыйкырып:
-Эрте менен деле чалсаң болот эле го, түн жарымында уйкуну бузбай, дейт.
Анда апасы капа болгон, мунайыңкы үнү менен:
-Уулум, мындан толук 18 жыл мурун, түн ортосунда, так ушул мүнөттө, сен да менин уйкуму бузуп дүйнөгө келгенсин, туулган күнүң менен, деп телефонун өчүрүп коет.
Энелерди барктай билели, сыйлай билели.
Эгер сиз бул окуяны окуган болсоңуз, апакеңиздин бетинен өөп көңүлүн алып коюңуз,
урматтуу Изде.КГ сайтынын окурманы
Кийинки анекдот/апендини оку
Дубай аэропорту ишин убактылуу токтотту, компаниялар аймактын аба мейкиндигинен учпай калыштыДубай жана Ал-Мактумдагы эл аралык аэропорттөр өз ишин убактылуу токтотконун дубайлык аба майдандардын сайты жазды. Эки жай тең жүргүнчүлөргө аэропортторго барбай турууну жана кошумча маалыматты авиакомпаниялардан алып турууну эскертишти.Дүйнөдөгү эң көп жүргүнчү тейлеген Дубайдын эл аралык аэропортунан Бишкекке да рейстер аткарылат."Манас" эл аралык аэропортунун сайтындагы маалыматка караганда, Кыргызстандын башкалаасынан Бириккен Араб Эмирликтеринин Дубайдан тышкары Шаржа шаарына... 28.02.2026 : www.azattyk.kg источник: https://www.azattyk.kg/a/33690531.html |
|
Loading...
|
|
|