карыш жылба
Апенди кичинесинен эле шум чыгыптыр. Ага өңгөлөр эмес, өз энеси да таң калчу экен. Бир күнү энеси айылчылаганы баратып:
-Каралдым, үйгө сак бол. Эшиктен карыш жылба - дейт. Апенди үй кайтарып, эшиктин алдында отурса, мейман келип калат.
-Силер үйгө кире тургула, мен энеми чакырып келе коёюн - деп, Апенди каалганы кашегинен чыгарып алып, көтөргөн тейден жүгүрүп кетет.
-Э, ботом, бу эмнең?! - дейт энеси уулун көрө сала чочуп
-Каалганы жонуна артып алат деген эмне тамтык! Кокуй...
-Өзүң, эшиктен карыш жылба деп!.. Мына, карыш жылбай эшик менен кошо келдим - дептир анда уулу. Азимбек Матраимов
Кийинки анекдот/апендини оку
Бишкекте окуучу терроризмге шек саналып кармалдыУлуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Бишкекте окуучу бала терроризмге шек саналып кармалганын билдирди.Атайын кызматтын маалыматында терроризмге каршы операциянын жүрүшүндө УКМК эл аралык өнөктөштөрү менен биргеликте борбордо орто мектептердин биринде "мугалимдерге жана окуучуларга куралдуу кол салуу мүмкүнчүлүгүн иликтеп жаткан" окуучунун аракетин аныктап, ага бөгөт койгон.Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 252-беренесинин (Террордук акт) 1-бөлүгү (Террордук... 10.03.2026 : www.azattyk.kg источник: https://www.azattyk.kg/a/33700209.html |
|
Loading...
|
Жарыялар |